Европарламенттин делегациясы талаштуу Кашмирге барат
Европа парламентинин делегациясы талаштуу Кашмир аймагына аттанууда. Депутаттар 29-октябрда Индиянын карамагындагы штаттын борбор шаары Сринагарга барышат. Британ оторчулугунан кутулган Кашмир үчүн 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия 2 жолу согушкан.
Дели өткөн августта аймактын өз карамагындагы бөлүгүнүн атайын конституциялык макамын алып салып, коопсуздук чараларын киргизгенден кийин ортодогу чыңалуу курчуган. Индия бийлиги ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы, АКШ конгрессмендеринин жана чет өлкөлүк журналисттердин чөлкөмгө баруусуна каршы чыгып келатат.
Еврошаркет Индияга бара турган делегациясынын бул визити “расмий эмес” болорун ырастоодо. Топтун айрым мүчөлөрү “жеке адамдар” катары баратышканын билдирди. Премьер-министр Нарендра Модинин кеңсеси жасаган билдирүүдө "бул сапар региондогу кырдаал жана приоритеттер тууралуу так идея берилиши керек" деп айтылат.