«Клооп» «Ататүрк» сейил багынан берилген тилкелер жөнүндө иликтөө жарыялады
Портал жарыялаган материалда 20 жыл ичинде Бишкектин чок ортосундагы сейил бактын үчтөн бир бөлүгү жогорку кызматты ээлеген, таасирлүү адамдарга таратылып кеткени айтылат. Маалыматка ылайык, 2000-2008-жылга чейин сейил бактын аймагынан 181 жер тилкеси 173 адамга берилген. Алардын арасында өлкөдөгү эң жогорку кызматты ээлеген премьер-министр, парламент төрагасы, министрлер, Жогорку Кеңеш депутаттары, соттор, прокурорлор бар.
«Ататүрктүн» аймагынан жер тилкесин бекер алып, кийин аны сатып жибергендердин арасында учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков да бар экени көрсөтүлгөн.
Бул адамдарга сейил бактын аймагынан тилке бөлүүгө Бишкек шаарынын мурда иштеп кеткен төрт мэри: Медетбек Керимкулов, Арстанбек Ногоев, Данияр Үсөнов жана Нариман Түлеев уруксат берген.
«Клооп» порталы иликтөөсүндө «Ататүрк» сейил багынын чоң бөлүгү биротоло колдон чыгып, аны кайтаруу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келген.
Портал шаардын жана өлкөнүн бийлиги бул парктагы мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтаруу боюнча план бар экенин билдиргени менен эч кандай документтер көрсөтүлбөгөнүнө көңүл бурган. (BkA)