Акаев: Биз «криминал баш көтөрдү» деп айткыча дагы бир ишкер өлтүрүлдү
«Криминал баш көтөрдү, ага каршы күрөш жүргүзүш керек» деп айтып оозду жыйганча дагы бир ишкер өлтүрүлгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жанарбек Акаев айтып чыкты. Анын айтымында, криминалга каршы күрөш жарыялоо боюнча буга чейин билдирүүсүнө өкмөт «маселени саясатташтырбагыла» деп жооп кайтарганы туура эмес.
- Бул маселе боюнча өкмөт мага актанып, жооп бергенинин кереги жок. Ал элге, жарандарга жооп берип, «мамлекетибиз күчтүү, биз силерди коопсуздукта кармайбыз» деп жооп берсин. Бул менин же өкмөт башчынын маселеси эмес, жалпы жарандардын коопсуздук маселеси. Өкмөт башчы «саясатташтырып жатат» дейт, анда саясат болуп кетпесин деп такыр сүйлөбөй коелубу? - деди Акаев.
Ошондой эле депутат милиция кызматкерлери кармаган кылмыштуу топтордун мүчөлөрү сот тарабынан бошотулуп жатканына көңүл бурду.
Буга чейин депутат Жанарбек Акаев өлкөдө криминал таасирин чыңдап жатканын айтып, бул багыттагы чабал иши үчүн өкмөттүн ишин сынга алган.
Ошондон кийин премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев жооп кайтарып, саясатчыларды сын айтууда объективдүүлүккө чакырган болчу.
«Борбор шаардагы ишкердин өлүмү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Милициянын ыкчам аракетинин жана «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн шарапаты менен тез арада кылмыштын бети ачылды. Биз ата мекендик ишкерликтин, инвестициялык климаттын кызыкчылыгы үчүн мындай кескин билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырат элек», - деп билдирген өкмөт өкүлү.
Өткөн аптада «Мадина» базарында соода кылган Абдурахеман Хуфур аттуу ишкердин киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү талкуу жараткан. Бул кылмыш үчүн сегиз адам кармалып, алар ишкердин автоунаасына ээлик кылыш үчүн ушундай ишке барганы айтылган.
Ал эми кечээ кечинде «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Ал адамдын жанынан ири суммадагы акчасы каракталганы да айтылууда.(BkA)