Ошто туристтик милиция кызматкери зордуктоого шектелип жатат
Ош шаарында туристтик милиция кызматкери "кыз зордуктоого аракет кылган" деп шек саналууда. Анын үстүнөн арыз 17-октябрда түшкөнүн калаа милициясынын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.
Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалган жана иликтөө жүрүп жатат. Милиционер жумушун улантууда.
Баштапкы маалыматтарга караганда, экөө мурдатан тааныш болгон. Кыз 27 жашта, аны зордуктоого шектелген милиция кызматкери 32 жашта. (SE)