Чех атайын кызматы орусиялык тыңчыларды ашкерелегенин билдирди
Чехиянын Коопсуздук жана маалымат кызматынын башчысы Михал Коуделка 21-октябрда парламентте анын мекемеси Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына иштеген агенттердин түйүнүнүн бетин ачканын билдирди. Анын айтымында, бул операцияны Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча улуттук борбор менен чогуу ишке ашырган.
Коуделканын ырасташынча, тыңчылардын түйүнү Орусиянын Чехиядагы элчилиги аркылуу каржыланып турган. Агенттердин уюму Прага шаарында катталган программалык камсыздоо, компьютер саткан эки коммерциялык уюмга жамынып алып иш жүргүзгөн.
Түйүндүн мүчөлөрү убагында Орусиядан келген, чех жарандыгын алган адамдар болгон жана алар Чехиянын жана башка Европа өлкөлөрүнүн объекттерине хакердик чабуул жасап турушкан.
Бул окуянын мындан башка чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берилген жок. Чех атайын кызматы иликтеп-териштирүүнү улантып жатат.
Чехияда орус атайын кызматынын чалгын түйүнү жок кылынганы тууралуу алгачкы маалымат былтыр декабрь айында чыккан. Анда Коуделка соңку беш жылдын ичинде анын мекемеси ондогон орусиялык жана кытайлык агенттерди ашкерелегенин билдирген. Мунун алдында "такталбаган маалымат таратып жатат" деп аны чех президенти Милош Земан кескин сынга алган. Земан Москвага ыктаган саясатчы экени белгилүү.