Шаардык сот ЖЭБ иши боюнча шек саналгандарды камакта калтырды
Бишкек шаардык соту Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу абакта отурган мурдагы аткаминерлердин бөгөт чарасын өзгөрткөн жок.
Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат. 7-октябрда Бишкектин Свердлов райондук соту жогорудагы иш боюнча шек саналып жаткан адамдарды 12-декабрга чейин камакта калтырууну чечкен. Шектүүлөрдүн жактоочулары райондук соттун бул токтомуна каршы шаардык сотко арызданган.
ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган.
Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган. (BTo)