АКШ Түркияга каршы санкция киргизди
Америка Кошмо Штаттары Сириянын түндүгүндөгү куралдуу операцияларга байланыштуу Түркияга каршы санкция киргизди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун кайрылуусунда, президент Дональд Трамп кол койгон жарлыкка ылайык, Мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги Түркиянын мамлекеттик ведомстволоруна, Сириядагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бузган операцияга тиешелүү адамдарга санкция коюлду. Тактап айтканда, Түркиянын энергетика министрлиги, коргоо министрлиги жана ички иштер министрлигине санкция киргизилди.
Помпеонун кайрылуусунда, өткөн аптадагы Түркиянын сириялык күрддөргө болгон операциясы терроризмге каршы күрөштү начарлатып, жай тургундардын өмүрүн коркунучка кептеди жана региондогу стабилдүүлүктү бузду деп айтылат. АКШ Түркияны Сириядагы операцияларын тез арада токтотууга чакырат.
АКШ президенти Твиттердеги баракчасында Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечимин кайталап жазып, Кошмо Штаттары Сириядагы тапшырмасын аткарганын жана сириялыктарды түрктөрдөн коргобой турганын билдирди.
Түркия жана анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына 9-октябрда чабуул коё баштаган. Анкара анын аскердик операцияларынын башкы максаты чек арасында «коопсуз аймак түзүү», ал аймакты өзү террордук топко теңеген күрд кошуундарынан арылтуу экенин билдирген.
Ал арада сириялык күрддөрдүн күчтөрү түрк жоокерлеринин чабуулунун мизин кайтаруу боюнча расмий Дамаск менен макулдашканын билдиришти жана Сирия өкмөтүнүн аскерлери 14-октябрда Тел Тамер шаарына келип жайгаша баштаганы белгилүү болду. (TSh)