27-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Чукул билдирүү:
29-сентябрда күндүз жана 30-сентябрда аба ырайы туруксуз болот. Эртең күндүз тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан жаайт.
Аба ырайы:
27-сентябрда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° болот.