Франциянын мурдагы президенти Жак Ширак 86 жашында көз жумду
Бул тууралуу «France-Presse» маалымат агенттиги анын үй-бүлөсүнө таянып кабарлады. Күйөө баласы Фредерик Салат-Барунун айтымында, Ширак 26-сентябрда үйүндө көз жумган. Ал экс-президенттин өлүмүнүн себептери тууралуу кеңири айткан жок.
Жак Ширак өлкө башында 1995-жылдан 2007-жылга чейин турган. Ал президенттикке чейин Париждин мэри, өкмөт башчы болуп иштеген.
Эл аралык коомчулук Жак Ширакты 2003-жылы АКШнын Ирактагы аскердик операциясына каршы чыккан саясатчы катары билишет.
2005-жылы саясатчы оор инсультка кабылган. Андан кийин да бир нече ирет ооруканага түшкөн.