Стамбулда жер титиреди
26-сентябрда Түркиянын сейсмология борбору Стамбул шаарындагы жер титирөөнүн кубаты 5,9 баллга жеткенин маалымдады. Силкинүүдөн улам айрым турак жайлардан жарака кетип, телефон, Интернет байланыштары убактылуу иштебей калганы айтылууда. Учурда зилзаланын кесепетинен улам кыргызстандыктардын жабыркаганы тууралуу так маалымат жок.
Түркияда эң күчтүү зилзала 1999-жылы 17-августта, Дүзже аймагында катталган. Бул зилзалада 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакын жаран жаракат алган. (EiB)