Москва соту актёр Павел Устиновдун ишин кароону 30-сентябрга жылдырды
Москва шаардык соту актёр Павел Устиновго чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арызды кароону 30-сентябрга жылдырды.
26-сентябрдагы соттук отурумда прокуратуранын өкүлү актёрго карата өкүм катаал болуп калган деп эсептей турганын, ага жазанын камакка албаган башка түрү тандалса деле болмок деген пикирин айтты.
Москвадагы Тверь райондук соту 16-сентябрда Устиновду 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал 3-августта Москвада таза шайлоого чакырган митинг өтүп жаткан аймакка жакын жерде камакка алынган. Устиновго «аны кармоо учурунда Улуттук гвардиянын жоокерине кол салган, денесине залал келтирген» деген айып коюлган. Устинов болсо акцияга катышпаганын, болгону ошол учурда метронун жанында досун күтүп турганын билдирген.
Москвада 18-сентябрда Устиновду колдогон акция өткөн. Президенттик администрациянын алдына чогулган жүздөй адам актёрду бошотууну талап кылган плакатты ар бири бир мүнөттөн, улам кезектешип көтөрүп турган.
Орусиядагы бир катар белгилүү өнөрпоздор дагы камактагы актёрду колдогон онлайн-флешмоб өткөргөн.
Москва шаардык соту 20-сентябрда Павел Устиновду үй камагына чыгарган.