АКШда Саудиядагы чабуулга жооп берүүнүн жолдору талкууланууда
АКШнын Коргоо министрлиги Ирандагы абадан сокку урулушу мүмкүн болгон аймактардын тизмесин 20-сентябрда президент Дональд Трампка сунуштаганы турат. Бул тууралуу Пентагондун планынан кабары бар америкалык расмий өкүлдөр «Associated Press» маалымат агенттигине билдиришти. Алардын айтымында, Пентагон президент Трампка Иранга каршы аскердик чаралар куралдуу жаңжалды жаратышы мүмкүндүгүн да эскерткени жатат.
Кошмо Штаттардагы мындай аракеттерге 14-сентябрда Саудиянын эки мунай заводуна дрондон сокку урулганы себеп болду. Бул чабуул боюнча жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары мойнуна алышкан. Вашингтон менен Эр-Рияд «бул чабуулдун артында турат» деп Иранды айыптап жатат. Тегеран мындай дооматтарды четке кагууда.