Нарын облусу кышка карата 100 миң тоннадай көмүр алганы турат
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов баш болгон жетекчилер Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенине барды. Бул тууралуу облус жетекчисинин басма сөз кызматы кабарлады.
Эмилбек Алымкулов Кара-Кечеде көмүр казган "Шарбон" , "Акжол", "Кыргыз көмүр" жана "Демилге" ишканалары менен жолугуп, айрымдарына эскертүү да берди. Тендерге катышкан ишканалардын көмүр жеткирүү графигин түзүү, акимдерге жер-жерлерге көмүр сактоочу топ базаларды уюштуруу тапшырмасы берилди.
Облус быйыл Кара-Кече жана Турук кенинен 97 миң 620 тонна көмүр алганы турат. Ушул күндө анын 2800 тоннадайы казылган. Учурда облуста 68 көмүр кампасы бар. (TSh)