Кетмен-Төбө тамчы сууга зар
Жаңы кесипти өздөштүрүп, балдары менен иш баштаган жалгыз бой эне. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы тандыр жасап саткан үй-бүлөнүн тиричилиги. Айдоочунун машинесин талкалаган жаман жол. Нарын районундагы Чет-Нура айылынын эли борборго кеткен жолун оңдото албай убара. Сууга мол Токтогул районунун тамчы сууга зар айылдары бар. Ичүүчү суу түгүл агын сууга жетпей келаткан Кетмен-Төбө айыл тургундарынын бийликке дооматы күч.
Жылына 5 млн киловатт электр энергия өндүргүсү келген баткендик ишкер.