Казакстанда айыл башчы активистке кол салууга шектелип кармалды
Казак полициясы Алматы облусунун Талгар районундагы Панфилов айыл округунун башчысы Нургали Аппазовду жана анын айдоочусу Гани Смановду камакка алды. Алар активист Галина Арзамасовага кол салуу иши боюнча шектелүүдө. Кол салуу 26-августта, активист бир канча айылдашы менен Талгар районунун акимине жолугуу үчүн акимчиликтин имаратына келгенде болгон. Арзамасованы көчөдөн пневматикалык тапанча менен атышканда ок анын жамбашына тийген.
Ал кол салууну өзүнүн жарандык позициясына жана ишмердигине байланыштырган.
63 жаштагы Галина Арзамасова аймактагы социалдык маселелерди, токойдун уруксатсыз сатылышын, жайыттардын тартыштыгын, таза суу жана жол көйгөйүн көтөрүп келет.