УКМК: Бабановду Амир-Темирдеги сөзү боюнча суракка чакырдык
![УКМК: Бабановду Амир-Темирдеги сөзү боюнча суракка чакырдык](https://gdb.rferl.org/F3C02EA0-6FD0-416B-AB1E-BB1A9F0AB67D_w800_h450.jpg)
«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка күбө катары чакырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Атайын кызмат белгилегендей, Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Эми ал ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылды.
Бабанов шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кетип, жакында гана кайтып келди. Ал Амир-Темирдеги сөзүндө улут аралык чыңалууга чакырык жасабаганын билдирген.
19-августта Бабанов Финансы полициясында «Кыргызстан» банкы боюнча сурак берип чыкты. Мындан тышкары ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. (RK)