Волейбол: Азия чемпионатын Кыргызстан жеңиш менен баштады
Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатында алгачкы жеңишин камсыз кылды. Мелдеш ушул тапта Непалдын Катманду шаарында өтүп жатат.
Өлкөнүн Волейбол федерациясынын басма сөз катчысы Бакыт Шүкүралиев «Азаттыкка» билдиргендей, Кыргызстандын курама командасы биринчи беттешинде үй ээси Непалдын курама командасы менен ойноп, жыйынтыгында 3:0 (25-23; 25-22; 25-22) эсебинде жеңишке жетти. Кыргызстандык волейболчу Оңолбек Каныбек уулу беттештин эң мыкты оюнчусу аталды.
Кыргызстан менен Непалдын волейбол боюнча улуттук курама командаларынын борбордук зонадагы Азия чемпионатындагы беттеши. 19-август, 2019-жыл.
Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатына жети курама команда катышып жатат. Алар өз ара эки тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан «А» тайпасында Непал жана Мальдив аралдарынын курама топтору менен ойнойт. «Б» тайпасында Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Бангладеш жана Афганстандын курама командалары бар.
Бүгүн кыргыз волейболчулары алгачкы үч упайына ээ болушту. Команданын кийинки беттеши 20-августа өтөт. Анда алар Мальдив аралдарынын курама командасына каршы ойнойт. (GT)