Президенттик администрациянын алдына пикетке чыккан аялга тез жардам көрсөтүлдү
Бишкекте президенттик администрация менен парламент жайгашкан имараттын алдына пикетке чыккан аялга медициналык тез жардам көрсөтүлдү.
Өзүлөрүн эже-сиңди деп тааныштырган эки аял мүлк талаштан улам бир нече жылдан бери күч түзүмдөрүнүн жана соттордун кордугуна кабылып келатканын, мамлекет башчынын көңүлүн буруш үчүн пикетке чыкканын айтышты.
Алардын бири миздүү устара менен сол алаканын тилип жибергендиктен тез жардам чакыртылды.
Даттануучуларга милиция кызматкерлери келип, маселеси мыйзам чегинде чечилерин айтышты. Андан соң аларды президенттик аппараттын арыздарды кабыл алуу бөлүмүнө чакырып, сүйлөшүү өткөрүлдү. (RK)