"Араб жазынын" автору дүйнөдөн өттү
Тунистин алгачкы түз шайланган президенти Бежи Каид Эс-Себси 92 жашында дүйнөдөн өттү. Эс-Себси “Араб жазынан” кийин өлкөдөгү ийгиликтердин авторлорунун бири болуп саналат. Президенттин милдетин убактылуу парламент спикери аткара баштады.