Ливиянын жээгинде мигранттарды ташыган кеме чөктү
Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариаты маалымдагандай, кырсыкта 150дөй киши өлгөн болушу мүмкүн, дагы 150дөй адам куткарылды.
Ливиянын деңиз коопсуздугу кызматы 145 кишини куткарышканын билдирди.
Каза тапкандардын саны ырасталса, анда бул Жер ортолук деңизде быйыл катталган эч чоң кырсык болуп калмакчы.
Аман калгандар чакан жыгач кеме Хомс шаарынын жанында аңтарылып кеткенин айтып беришти.
Акыркы бир нече жылда Африка жана Жакынкы Чыгыштан он миңдеген киши Европага ооп келди. Көбү Жер ортолук деңизин кесип өтүүгө аракеттенип ажал тапкан.
Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери Жер ортолук деңизине 426 мигрант чөгүп кеткен.