Мурдагы судья Жаркееванын соту болот
19-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Элвира Жаркееванын ишине байланыштуу териштирүү болот. 16-июлда күбөлөрдүн келбей калганынан улам отурум жылдырылган.
Башкы прокуратура Жаркееваны Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Алдамчылык”, “Коррупция” жана “Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу” беренелери менен айыптаган.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал кылмыш тобу менен тил табышып алып, жеке ишканалардын биринин мүлкүн өзүнө алыш үчүн бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган. Ошондой эле 2016-жылы ири өлчөмдөгү акча өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз негизде берилген арызды канааттандырып, кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон.