Кыргыз-корей өкмөт башчылары жолугушту
Кыргызстан жана Түштүк Корея кызматташтыгынын жаңы барагы ачылып жатат.
Бул тууралуу эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Ли Нак Ён “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында чакан чөйрөдө жолуккан учурда белгилешти.
Абылгазиев Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия мейкиндигинде өзүнүн жакын өнөктөштөрүнүн бири катары эсептей турганын, премьер-министрдин сапары кызматташтыкты жаңы баскычка көтөрүп жатканын айтты.
“Түштүк Корея Кыргызстанга алдыңкы технологияларды киргизүү жана пайдаланууга колдоо көрсөтүү менен президенттик жана парламенттик шайлоолор ачык-айкын, адилеттүү атаандаштыкта өттү. Бул өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөрдүн жогорку деңгээлин көрсөттү”, - деди Абылгазиев.
Мындан сырткары ал Түштүк Корея Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнө үлгү болуп жатканын кошумчалады.
Корей премьер-министри 1992-жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын, бул эки тараптуу кызматашууну өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Кыргызстандын ШКУ жана ЕАЭБдин алкагында аймактык байланышты жакшыртууга кошкон салымын жогору баалады.
Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён үч күндүк расмий сапар менен 17-июлда Кыргызстанга келген. Сапардын алгачкы күнү эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өтүп, өз ара кызматташуу боюнча эки документке кол коюлган. (КЕ/GT)