Орусия Иранга С-400 зениттик-ракеталык системасын сатууга даяр
Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматы Москва Иранга С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык системасын сатууга даяр экенин, бирок азырынча Иран тараптан билдирме түшө электигин билдирди.