Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы митингге катышат
![Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы митингге катышат](https://gdb.rferl.org/4414D245-9FA8-4670-90FA-B4F894645DA9_cx13_cy4_cw87_w800_h450.jpg)
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 8-июнда Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) коррупцияга каршы өткөрө турган митингге катышат.
Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов «Азаттыкка» билдиргендей, митинг «азыркы бийлик жемкорлукка каршы бирдей күрөш жүргүзбөй, Атамбаевдин тарапташтарын, оппозициялык көз карашы бар жарандарды куугунтуктап жатат» деген өңүттө уюшурулат.
Акция Бишкектеги «Медиа форум» имаратынын алдында өтөт. Учурда КСПДнын бир канча мүчөлөрү камакта. Алар мыйзамсыз баюу, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция өңдүү иштерге күнөөлөнүп жатышат. (SE)