Турганбаев: Абактар шаар сыртына чыгарылат
Кыргызстанда шаар ичиндеги абактардын баары сыртка көчүрүлөт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев "Азаттыктагы" маегинде билдирди. Турганбаев абактардагы соңку абал, түрмөлөрдү реформалоо тууралуу суроолорго жооп берди.