Паллиативдик жардам көйгөйү талкууланат
Бүгүн 4-июнда Бишкекте паллиативдик жардам кандай болушу керек деген маселени талкуулаган жыйын өтөт. Ага шаардык кеңештин, мэриянын өкүлдөрү, экономист, юрист адистер жана жарандык активисттер катышат.
Күн тартибиндеги негизги маселе – бул багытта мамлекеттик социалдык заказ кандай болушу керек деген көйгөй.
Кыргызстанда күнүгө 15 киши залал шишик оорусуна чалдыкканын биринчи угат. Расмий каттоодо 25 миңден ашуун рак оорулуу бар. Бул илдетке чалдыккандардын 83 пайызы оорусун билгенден кийин бир жылга жетпей каза болууда.
Өлүм алдында жаткан рак оорулууларга медициналык жардам көрсөтүү жетиштүү деңгээлде эмес экенин адистер айтып келишет. (RK)