Суу пайдалануучуларга техника тапшырылат
Дүйнөлүк банк Кыргызстандын Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын бирлигине техникалык жардам долбоорун ишке ашырууда. Бүгүн 4-июнда Бишкектин Эски аянтында экскаваторлорду тапшыруу иш-чарасы өтөт. Ага өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев катышат.
Суу пайдалануучулардын улуттук бирлигинин жетекчиси Эркинбек Кожоев “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда ички чарбалык сугат тармагы 23 миң чакырымды түзөт, анын 18 миң чакырымы суу пайдалануучулар бирикмелеринин балансында:
- Бул тармакта сөзгө аларлык жакшы иштер жасалып жатат. Бирок ассоциациялар техникасы жок кыйналууда. Каналдарды тазалоого техника керек.
Кожоевдин айтымында, бирликтин курамында 486 ассоциация бар. Бүгүн алардын 30уна техника тапшырылат. (RK)