БУУнун соту Украинанын Орусияга каршы доо арызын карайт
Бириккен Улуттар Уюмунун Гаагадагы Эл аралык соту Киевдин Орусия Террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү жана Расалык кемсинтүүгө жол бербөө жөнүндөгү конвенцияларды бузуп жатканы тууралуу доо арызынын негизинде ишти 3-7-июнь күндөрү карамай болду.
Ишти кароо Гаага сотунун расмий сайтында түз эфирде көрсөтүлөт.
2017-жылы Украина БУУнун Эл аралык сотуна Орусияга каршы доо арыз менен кайрылган. Анда Орусия терроризмди колдоп жана каржылап, ошондой эле расалык кемсинтүүгө жол берип жатканы белгиленген.
Мындан тышкары, Киев кырдаал тез арада чечим кабыл алууну талап кыларын айтып, сотко чейин эле Орусияга каршы чара көрүүнү өтүнгөн.
2017-жылдын 19-апрелинде сот Украинанын талабы менен Орусияга байланыштуу убактылуу чараларды кабыл алган. Документте Крым татарларынын Мажлисинин ишмердигин чектеген тыюуну алуу жана жарым аралдын жашоочуларына татар, украин тилдеринде билим алууну камсыздоо талабы камтылган.
Орусия Крымды 2014-жылы украин мыйзамдарына каршы өткөн референдум аркылуу аннекциялап алган. Ошондон кийин жарым аралды орусиялык аскерлер көзөмөлгө алган. Батыш мамлекеттери муну эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу деп эсептейт.
Украинанын Луганск жана Донецк аймактарын да Орусия колдогон жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн.
Өздөрүн “Луганск жана Донецк элдик жумурияттары” деп атап алган аймактардын көз карандысыздыгын дүйнө өлкөлөрү тааныган эмес.