Кабулда үч жардыруу болуп, эки адам каза тапты
2-июнда Ооганстандын борбору - Кабулда үч жерде жардыруу болуп, андан эки адам каза тапса, дагы 24 киши ар түрдүү жаракат алды. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Насрат Рахими маалымдагандай, согушкерлер Кабул билим берүү университетинин кызматкерлери бара жаткан автобусту бутага алган. Андан 20 мүнөт өткөндөн кийин ушул эле райондо эки жардыруу болгон.
Рахими жаракат алгандардын арасында беш полиция кызматкери бар экенин кошумчалады. Ошондой эле жарылуудан дагы эки журналист жарадар болгон.
Бул кол салуулар үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алды. Алардын билдирүүсүндө айтылгандай, алгач шиит азчылыгынын өкүлдөрү бара жаткан автобус бутага алынган, кийин окуя болгон жерге полиция кызматкерлери жана журналисттер келгенде эки түзмөктү жардырышкан.
Кабулдун батышындагы бул жардыруулар Газни провинциясында машина жарылып, жети полиция кызматкери өлгөндөн бир нече сааттан кийин болуп отурат. Ал окуядан кеминде коопсуздук күчтөрүнүн сегиз өкүлү жарадар болгон.
Газнидеги жардыруу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды. Алар 40 полиция кызматкери өлгөнүн айтууда, бирок бул так далилдене элек.
Ооганстандагы адам өмүрүн алган кабат-кабат жадыруулар мусулмандардын рамазан айынын акыркы күндөрү, Орозо айттын алдында болуп жатат. Ооганстандын президенти Ашраф Гани орозо башталганда ок атышууну токтотууну сунуш кылган, бирок «Талибан» кыймылы андан баш тарткан.