Йенс Столтенберг Түндүк Македонияга барды
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 2-июнда эки күндүк сапар менен уюмга мүчө болууга далалат кылып жаткан Түндүк Македонияга барды.
Ошондой эле Скопьеге Түндүк альянстын кеңешинин элчилери да келгени маалым болду. Сапардын алкагында алар Түндүк Македонияда жүргүзүлүп жаткан реформаларды талкуулайт. Мурдагы Югославиянын курамында болгон бул өлкө Түндүк альянстын 30-мүчөсү болууга далалат кылып жатат. Бул үчүн НАТОнун 29 мүчөсү тең макулдугун бериши керек.
Ушул күнгө чейин 13 мамлекет Түндүк Македониянын НАТОго мүчөлүгү жөнүндөгү документти колдоп берген.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг президент Стево Пендаровски, премьер-министр Зоран Заев жана парламент спикери Талат Хафери менен да жолугушат.