Окумуштуу Асел Сартбаева химия боюнча эл аралык сыйлыкка татыды
Кыргызстандык окумуштуу Асел Сартбаева химия боюнча Хансон атындагы медалга татыктуу болду. Эл аралык экстракциялык химия жана технология комитети тапшырган бул медал окумуштуулар арасындагы кадыр-барктуу сыйлык деп эсептелет.
Асел Сартбаева бул сыйлыкты «Вакциналар: Кансыз согуштун аякташы» деген эмгеги үчүн алган. Анда окумуштуу вакциналарды кантип жөнөкөй шартта кармоонун жолун сунуш кылган.
Кыргызстанда туулуп өскөн Сартбаева учурда Британияда жашайт. Ал Бата университетинин профессору. (BkA)