Дзержинскидеги жарылуудан жабыркагандар 79 кишиге жетти
Орусиянын Дзержинск шаарындагы «Кристалл» илим изилдөө институтундагы жарылуудан жабыркагандардын саны 79 адамга жетти. Анын ичинен 15 киши ооруканага жаткырылып, абалы оор болгондору бар экени кабарланды.
Жарылуу институттун тротил өндүргөн цехинде болгон. Андан өрт чыгып, бир нече саат бою өчүрүлбөй турду.
Жарылуудан улам өндүрүштүк мекемеге жакын жайгашкан ондогон имараттардын терезелери күбүлүп түшкөн.
Орусиянын Тергөө комитети бул окуя боюнча коопсуздук талаптары сакталбаганы үчүн кылмыш ишин козгогонун маалымат каражаттары жазып чыгышты.