Ирактын "Русафа" түрмөсүндө отурган жүздөгөн аял ачкачылыкты улантууда
Иракта террорчулукка шек саналып, Багдаддын "Русафа" түрмөсүндө отурган чет элдик жүздөгөн аял ачкачылык акциясын улантууда. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочуларынын жубайлары экенин BBC 5-майда кабарлады. Ачкачылык акциясы тууралуу 25-апрелде "Азаттык" радиосуна "Русафа" түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандык келиндер маалымат беришкен. Ачкачылык жарыялагандардын арасында кыргызстандыктардан тышкары, Орусия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркия жана башка өлкөлөрдүн да жарандары бар. Читать дальше...