АКШ орус жарандары менен ишканаларына санкция салды
Кошмо Штаттар шейшембиде Орусиянын эки жаранын жана орусиялык, словакиялык компанияларды мурда санкция киргизилген ишканалар менен байланышып, чектөөлөрдү айланып өтүү аракетин жасаганы үчүн айыпка жыкты. АКШнын Каржы департаменти санкциялардын тизмесине орус жарандары Марина Царева менен Антон Нагибинди, орусиялык "Vela-Marine", словакиялык "Lacno" компанияларын киргизди. Бул жарандар менен компаниялар АКШнын аймагында киберчабуулдарга тиешеси бар деп айыпталган «Дайвтехносервис» ишканасы менен байланышта экени белгиленет. Читать дальше...