Шри-Ланка: жардырууга шектелген кишинин жакындары окко учту
Шри-Ланкада бир жума мурдагы "жанкечти жардырууларынын артында турат" деп шектелген Захран Хашимдин атасы менен эки бир тууганы полициянын рейди маалында окко учту. Бул маалыматты өлкөнүн коопсуздук күчтөрү жана шектүүнүн туугандары 28-апрелде ырасташты.
Эки күн мурда полиция шектүүнүн Шри-Ланканын чыгышындагы үйүнө басып кирген. Натыйжада ортодо атышуу чыгып, андан 15 киши менен кошо Заини Хашим, Рилван Хашим жана алардын атасы Мохамед Хашим мерт болгон.
Шри-Ланканын полициясы Захран Хашим 21-апрелде христиандар Пасха майрамын белгилеп жатканда "удаалаш жардырууларды уюштурган" деп эсептейт. Захран өзү баш калаа Коломбодогу мейманканалардын бириндеги жанкечти жардыруусунда мерт болгону ырасталган.
"Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алган бул кол салуулар боюнча кармалгандардын саны жүз кишиден ашты. Өлкөдө жардыруулардан улам бир жума мурда жабылган мектептер 29-апрелде ачылганы турат.