«Ала-Арча» резиденциясындагы өрт өчүрүлдү
Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди:
- Бүгүн резиденциянын аймагындагы имараттардын биринин чатыры күйдү, толук эмес, бир бөлүгү. Өрт өчүрүүгө беш автоунаа тартылган. Жабыр тарткандар жок. Өрт чектөөгө саат 16:37де алынып, андан ары өрчүшүнө жол берилген жок.
«Ала-Арча» резиденциясы баш калаанын түштүк тарабында жайгашкан. Анда президент, өкмөттүн, парламенттин башчылары жана башка жетекчилер жашайт. Мындан тышкары чет элдик конокторду кабыл алуучу жайлар бар. Резиденцияны мамлекеттик күзөтчүлөр кайтарат. (RK)