Дарья Маслова Дүйшөмбү марафонунда алтын медаль утту
Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Дүйшөмбү шаарында өткөн эл аралык жарым марафондук жарышта алтын медаль тагынды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, жарыш 20-апрелде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп, ага 15 мамлекеттин спортчулары катышты.
Дарья Маслова кыз-келиндер арасында жарышка чыгып, 21 чакырым 97 метр аралыкты 1 саат 14 мүнөт 45 секундда чуркап өтүп, жеңүүчү аталды. Экинчи орунду ээлеген эфиопиялык спортчу Бейене Хирут Гуангул (1:16,51) Дарьядан эки мүнөт кеч маара сызыгын басып өткөн. Үчүнчү орунду өзбекстандык Ситора Хамидова (1:18,29) ээлеп, коло байге алды.
Бул Дарья Маслованын жыл ичиндеги экинчи алтын байгеси. Бир ай мурда ал Ташкентте өткөн жарым марафондук жарышта алтын байгеге ээ болгон. (GT)