Бүгүн “Ата-Мекен” партиясы митинг өткөрөт
Бүгүн 23-апрелде “Ата-Мекен” саясий партиясы лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган митинг өткөрөт. Буга чейин кабарлангандай “Ата-Мекен” партиясына акция өткөрүүгө уруксат берилген.
Учурда абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогуу чыгышары мурда кабарланган. Алар бул үчүн «Ата- Мекен» жана «Мекенчил» партиялары бир штабга бириккенин маалымдашкан.
«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто бир күндө 23-апрелде каралат. (TSh)