ИИМ академиясынын курсанты маңзат ташууга шек саналууда
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан маалыматка караганда, Борбор Азия өлкөлөрүнө психотроптук заттарды ташуу жана сатуу боюнча туруктуу канал аныкталды.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул затты Кыргызстандын аймагында таратууга шектүүлөр кармалды. Алар: ИИМ академиясынын 2-курсунун курсанты жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти. Текшерүү учурунда курсанттан ири көлөмдөгү, 1,075 кг. психотроптук “спайс” заты табылган. Тергөөнүн маалыматына караганда, бул заттын “кара базардагы” баасы 3 млн. сом. Алар жаштар арасында майдалап сатууну көздөгөн.
Учурда спайсты Кыргызстанга ташып келүүгө байланышы бар адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүмдөр арасындагы токсикомания барган сайын өрчүп, аларды дарылаган, реабилитациялаган атайын стационардык бөлүм жок экенин билдирген.
Кыргыз парламенти 2015-жылы түрдүү заттардын аралашмасы кошулган "спайсты" коркунучтуу баңгизаттардын тизмесине кошуп, ага тыюу салган мыйзам кабыл алган. (КЕ)