Теракт Шри-Ланканы эңгиретти
Шри-Ланкадагы жардыруулардын курмандыктары 300гө чамалады. Жарадарлардын саны 500дөн ашты. 21-апрелде христиандардын Пасха майрамы белгиленип жаткан маалда болгон сегиз жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.