Зеленскийдин штабы Януковичтин куттуктоосун четке какты
Украинада жекшембидеги президенттик шайлоодо жеңип чыккан актер жана куудул Владимир Зеленскийдин штабы 2014-жылы «Евромайдан» окуяларынан кийин өлкөдөн качып кеткен мурдагы украин президенти Виктор Януковичтин куттуктоосун четке какты.
«Зеленскийдин командасы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө орусиялык үгүтчүлөрдөн жана мурдагы украин аткаминерлеринен «колдоо» тууралуу билдирүүлөрдү алып жатты. Мындай колдоосу жана куттуктоолору жок эле иш алып барабыз», - деп билдирди штабдын өкүлү Дмитрий Разумков.
Анын алдында Януковичтин Зеленскийге жиберген куттуктоосун мурдагы украин президентинин басма сөз катчысы Юрий Кирасир «Фейсбуктагы» барагына жарыялаган. Ал куттуктоодо Янукович Зеленскийди жеңиши менен «чын дилден куттуктап» жатканы белгиленип, «өлкөдө тынчтык орнотуу», «украин элин элдештирүү», «мыйзамдуулук менен калыстыкты калыбына келтирүү» сыяктуу кеңештер айтылган.
Буга чейин Зеленскийдин талапкерлигин Янукович сыяктуу эле учурда Орусияда жашап жаткан мурдагы украин премьер-министри Николай Азаров жана бир катар орусиялык саясатчылар колдоп сүйлөшкөн. Украин президенти Петро Порошенко шайлоо өнөктүгү маалында мындай билдирүүлөргө көңүл буруп, Кремлдегилер Зеленскийдин жеңишин каалай турганын айткан.
21-апрелдеги президенттик шайлоонун экинчи турунда бюллетендердин 98 пайызы саналып бүттү. Ага ылайык, Зеленский добуштардын 73,15, ал эми Порошенко 24,52 пайызын алууда.