Мурдагы судья Эльвира Жаркееванын иши сотко өттү
Башкы прокуратура Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Жаркеевага айыптоочу бүтүмдү бекитип берди.
Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, Жаркеева «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», "Алдамчылык", "Коррупция" жана «Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталууда. Кылмыш иши иликтенип бүтүп, сотко ашырылды.
Тергөөнүн божомолу боюнча, Эльвира Жаркеева кылмыш тобу менен келишип алып, жеке ишканалардын биринин мүлкүн өзүнө алуу үчүн бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган. 2016-жылдын 15-августунда ал ири өлчөмдөгү акча өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз толтурулган арызды канааттандырып, кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарган.
Башкы прокуратура ал доо арызды жазган кытай жаранынын өзүнө карата мурда Кыргызстанда “Алдамчылык” беренеси менен иш козголуп, издөөдө жүргөнүн билдирген.
Бул факт боюнча Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун судьяларына, жалпысынан жети кишиге «Коррупция» беренеси боюнча айыптап, кылмыш ишин козгогон.
Жаркееванын иши Биринчи май райондук сотунда каралат.(ZKo)