Чехияда мигрант болуу түйшүгү
Чехияда айлык акысы Кыргызстанга караганда кыйла жогору. Анын үстүнө бул өлкөгө жумушчу күчү абдан керек болуп турат. Ошондуктан мигранттар арасында кыргыздар да көбөйүп, үзүрлүү эмгектенип жатышат. Ошол эле учурда шылуундарга алданып кыйналгандар, Бишкектеги ортомчулардын таттуу убадаларына ишенип келип, толук андай эмес экенин көргөндөр да бар. Виза алыш үчүн кезекке жазыла албай аткандар андан чоң көйгөй. Бул программада ушулар тууралуу кеп болот.