Кыйноо боюнча шектүү милиционерлердин иши иликтенип жатат
Бишкектин Октябрь райондук милициясынын №3 бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн 26-февралда прокуратурага арыз түшкөн. Анда шаар тургуну Элдияр Асангариевди укук коргоо кызматкерлери милициянын Октябрь райондук №3 бөлүмүнө алып келип сабап, белин сындырып койгону айтылган.
Шаардык прокуратура бул фактыны Кылмыштар жана жоруктар реестрине каттап, Кылмыш кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүгү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү 27-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүп берген. Бул тууралуу коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирди:
- Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, жыйынтыгы чыга элек.
26-февралда сегиз милиционер Элдияр Асангариевди күчтөп Октябрь райондук милициясынын №3 бөлүмүнө алып барышкан. Жабырлануучу тартип сакчылары өзүн токмоктоп, андан омурткасы сынганын, натыйжада Улуттук госпиталга түшкөнүн "Азаттыкка" билдирген.
Кыйноого каршы коалиция соңку эки жылда Кыргызстанда 1140 адам кыйноого кабылганын билдирген. Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен зомбулук көргөнүн белгилешкен. (ZKo)