Элдик оозеки чыгармалар камтылган 40 томдук китеп жарык көрдү
Оозеки чыгармалар камтылган “Эл адабияты” сериясынын 40 томдугу жарык көрдү.
40 томдукка бардык кенже эпостор жана жети облустан чогултулган фольклордук материалдар киргизилген.
Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясы кабарлады. Маалыматка ылайык, “Эл адабияты” сериясынын 40 томдугунун жана “Классикалык изилдөөлөр” сериясынын эки томдук китептеринин бетачары 5-мартта болуп өттү.
Жарык көргөн китептерде “Манас” эпосуна байланыштуу эмгектер, фольклордун проблемаларына арналган материалдар, акындар чыгармачылыгына байланыштуу жана кесипкөй адабиятка тийиштүү изилдөөлөр камтылган.
Бул китептер республикадагы бардык китепканаларга жана окуу жайларга таратылып берилет. 500 нускада.(ZKo)