Венесуэланын бийлиги америкалык журналист Коди Уэддлди өлкөдөн чыгарды
Ал мурдараак Каракаста кармалганын "Насьональ" гезити жазды. Венесуэладагы маалымат каражаттарынын улуттук профсоюзунун маалыматы боюнча, Коди Уэддлди жана анын кесиптеши Карлос Камачону Венесуэланын аскер чалгын кызматы суракка алган. Алар камакта 12 саат болушкан.
"Фокс ньюс" басылмасынын маалыматы боюнча, 29 жаштагы Уэддл Каракаста эркин журналист болуп иштеген. Ал бул аптада оппозиционер Хуан Гуайдонун мекенине кайтып келгенин жазган. Гуайдо өз кезегинде "Твиттердеги" баракчасына журналисттин бошотулушун талап кылып жазган.(ZKo)