Спикер Дастан Жумабековдун кеңешчиси кызматтан алынды
Жогорку Кеңештин аппараты өткөн жумада социалдык тармактарда тарап кеткен кат боюнча алдын-ала иликтөө иштерин аяктады. Анын жыйынтыгына ылайык, төраганын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер - анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
1-мартта журналист Канышай Мамыркулова кыргыз-орус тилдеринде аралаш, бир топ ката менен жазылган документти «Фейсбукка» жарыялаган. Ага Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековдун колу коюлган. Документтеги каталар кызуу талкууга түшүп, айрымдар аны фейк катары сыпаттаган эле.
Парламенттин басма сөз кызматы аталган документте чын эле одоно каталар бар экенин билдирип, кат Жогорку Кеңештин аппараты тарабынан иликтенип жатканын кабарлаган. (ZKo)