Азербайжанда блогер Гусейнов эркиндикке чыкты
Коррупция менен күрөшкөн Мехман Гусейнов абактагы эки жылдык мөөнөтүн толук өтөп бүткөн соң, 2-мартта эркиндикке чыкты.
Бошотулгандан кийин Гусейнов Бакудагы Эльмар Гусейновдун мүрзөсүнө барды. Ал 2005-жылы атылып өлтүрүлгөн.
"Мен бул жакка Эльмар Гусейновдун мүрзөсүнө келдим. Анын жолун жолдоочу журналисттер болушу керек, мен ушул жолду тандап алдым. Мен журналистиканын эң оор жолун тандагам, аны аягына чейин улантам", - деди Мехман Гусейнов.
Ал 2017-жылы "жалган жалаа жабуу" деген айып менен эки жылга кесилген. Өзү жана тарапкерлери муну саясий иш деп эсептеп, нааразылык билдиришкен.
Камалардын алдында Гусейнов жогорку даражалуу аткаминерлерге жана депутаттарга таандык кымбат турак жайлардын сүрөттөрүн Интернетке жайгаштырган. Ал ошондой эле президент Илхам Алиевдин жубайы Мехрибандын вице-президенттикке дайындалышына каршы чыккан.