Казакстан Кыргызстандын картөшкөсүн киргизүүгө тыюу салды
Казакстан Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүктөрдү алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Фитосанитардык чектөө Кыргызстандын картөшкөсүнө, алмасына, курмасына, Өзбекстандын анарына коюлду.
Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар (Комсток - Pseudococcus comstocki (Kuwana), нематод Globodera rostochiensis (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген. Билдирүүдө 2018-жылы жана 2019-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандан ташылган өнүмдөрдөн 500дөн ашуун ушундай бирдиктүү карантиндик фитосанитардык эреже бузуу болгону айтылат.
Былтыр 17-августта Өзбекстан Кыргызстандан ташылган картөшкөгө тыюу салып, 2-ноябрда кайра киргизүүгө уруксат берген. Анын алдында өкмөттүн убадасына ишенип, картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар мээнети акталбай калганына нааразы болуп жатышат.
2018-жылы Кыргызстанда 84,4 миң гектар аянтка картөшкө айдалган. Натыйжада жалпы 1500 тонна картөшкө өндүрүлгөн. Быйыл 81 миң гектар картөшкө эгилет деп эсептелди. (ErN)