Ооганстанда жарылуу алты кишинин өмүрүн алды
Ооганстандын чыгышындагы Лагман провинциясында автоунаа жолго коюлган бомбага урунуп, анын ичиндеги алты карапайым жаран каза тапты. Провинция бийлигинин өкүлү Асадулла Давлатзай окуя 19-февралда, маркумдар Каргай району тарапка баратканда болгонун ырастады.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким мойнуна ала элек. Бирок "Талибан" кыймылынын согушкерлери жергиликтүү жана чет элдик коопсуздук күчтөрүнө жарылуучу заттарды коюп жүрүшөт. Мындай иштен карапайым жарандар жабыркаган учурлар көп.
БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын акыркы отчетуна караганда, 2018-жылдын январь-сентябрь айларында кол салуулардан өлкөдө 2800гө жакын жай тургундун өмүрү кыйылып, 5200дөн ашыгы ар кандай жараат алган.
18-февралда Кабулда менчик клиника иштеткен дарыгер автоунаасына коюлган бомбанын жарылуусунан мүрт кеткен. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ алган.